АКШ тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына визалык чектөөлөр киргизилди

  • 1 год мурун

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти тарабынан жарыяланган маалыматка ылайык, ушул жумадан тартып Кыргыз Республикасынын жарандарына АКШга кирүү үчүн берилүүчү иммиграциялык эмес визаларга жаңы чектөөлөр киргизилгенин билдирди.

 ТИМ белгилегендей, бул чаралар америкалык тараптан бир жактуу негизде жана кыргыз тарапка алдын ала билдирилбестен кабыл алынган. Бул жагдай Кыргыз Республикасынын тынчсыздануусун жаратып, дипломатиялык диалог алкагында расмий түшүндүрмөнү талап кылат.

Ушуга байланыштуу жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары А.Имангазиевдин Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Л.Вигери менен жолугушуусу болот. Анда чектөөлөрдү киргизүүгө алып келген себептер, аларды жумшартуунун ыкмалары жана келечекте мындай жагдайлардын алдын алуу чаралары талкууланат.

«Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттары менен конструктивдүү кызматташтыкка чоң маани берет, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо багытындагы иштерди улантат» деп айтылат билдирүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты