АКШ түштүк чек арасын мыйзамсыз миграциядан коргоону күчөттү

  • 12 месяцев мурун

АКШнын ички коопсуздук министри Алехандро Майоркас Мексика менен Кошмо Штаттардын чек арасында мигранттар менен күч органдары кагылышканын билдирди.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу чектөөлөр аяктагандан бери аймакта чыңалуу күчөдү.

Майоркас АКШнын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылгандарга катаал чара көрүлөрүн эскертти. Министр Ак үйдө журналисттерге интервью берип жатып «Биздин чек аралар ачык эмес» деди.

«Америка үнү» маалымдагандай, ушул аптада Жо Байдендин администрациясы башпаанек берүү боюнча жаңы жобону ишке киргизди. Ага ылайык, мындан ары АКШ-Мексика чек арасынан мыйзамсыз өткөн мигранттардын көбүнө башпаанек берилбей калышы мүмкүн.

Малоркас АКШ-Мексика чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн мигранттардын үй-бүлөлөрү адатта 30 күндүн ичинде депортацияланарын эскертти.

Апта ичинде 10 миңден ашуун киши чек арадан мыйзамсыз өткөнү аныкталды. Reuters агенттиги Бажы жана чек ара кызматтарынын атайын жайларында камалган мигранттардын саны 28 миңге жеткенин жазды.

Сүрөт: AP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты