АКШ Кытай товарларына пошлинасын 10 %га төмөндөтөт
- 3 недели мурун
Америка Кошмо Штаттары Кытайдын товарларына салган пошлинасын 10% га төмөндөтөт. Бул тууралуу Дональд Трамп Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушууда билдирди.
“Фентанил киргизилгенден кийин мен Кытайга 20% пошлина киргизгем, бул чоң пошлина”деп билдирди Трамп Түштүк Кореяга сапарынан кийин Air Force One учагынын бортунан журналисттерге айтканын CNN билдирди.
Доанальд Трамп Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Түштүк Кореяда АТЭС саммитинин аткагында жолугушкан. Бул Трамптын биринчи мөөнөтүнөн берки алардын алгачкы жолугушуусу.
Эки лидерлин жолугушуусу бир саат 40 мүнөткө созулган. Анда бир кыйла чечимдер кабыл алынган. Бирок жолугушуудан кийин басма сөз жыйыны өткөн эмес.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдөгү сөзүндө АКШга товар импорттогон өлкөлөргө пошлина киргизилерин билдирген.
Сүрөт: Синьхуа агенттиги




