АКШ Кыргызстанга 250 миңден ашык Pfizer вакцинасын тапшырды

  • 2 года мурун

Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасына 27-октябрда COVID-19-га каршы Pfizer вакцинасынын 259,740 дозасын тапшырды.

Вакцина дүйнөдө COVID-19 вакциналардын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу боюнча COVAX демилгеси аркылуу жеткирилди. АКШ бул вакцинаys Кыргыз Республикасында COVID-19 менен күрөшкө көмөк көрсөтүү катары берип жатат.

«Биз COVID-19га каршы чабуулду бирге улантышыбыз керек» деп АКШнын убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер расмий жыйында билдирди.

Вакцинаны тапшыруу аземи министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жапония, Швейцария, Улуу Британия жана Европа Биримдиги сыяктуу COVAX демилгесинин катышуучуларынын менен өттү.

Pfizer вакцинасын сактоо үчүн зарыл болгон атайын өтө төмөн температурадагы тоңдургучтарды жана тиешелүү шприцтерди жеткирүү үчүн COVAX демилгесинин эл аралык колдоосу абдан маанилүү болгон.

Пандемия башталгандан бери, АКШ Кыргыз Республикасында COVID-19 менен күрөшүү үчүн 9 млн доллардан ашык каражат бөлүп берди. USAID жана АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору (CDC) аркылуу берилген каражат COVID-19-ду алдын алуу, аныктоо жана дарылоо үчүн медициналык жабдууларды алуу жана техникалык жардам көрсөтүүгө багытталган.

Андан тышкары, бул көмөктөшүү жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лабораторияларды

модернизациялоого, медициналык жана башка адистерди окутууга, ошондой эле Кыргыз

Республикасындагы эмдөө иштерине багытталды.

АКШ COVID-19 пандемиясын токтотуу, анын терс социалдык жана экономикалык кесепеттерин

жумшартуу жана келечектеги эпидемияларга туруштук берүүгө даярдыгын жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүктү улантат.

Сүрөт: АКШ элчилигинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты