АКШнын атайын өкүлү Сержио Гор 6-февралга чейин Кыргызстанда болот

  • 1 неделя мурун

АКШнын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча атайын өкүлү, элчи Сержио Гор кыргыз тараптын чакыруусу боюнча 3-февралдан 6-февралга чейин Кыргызстанда болот.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармакта билдирди.  

Анын айтымында, Сержио Горду мамлекет башчы Садыр Жапаров кабыл алат.

Ошондой эле атайын өкүл, элчи С. Гор 4-5-февралда Бишкек шаарында өтө турган Борбор Азия менен АКШнын ортосундагы экономикалык кызматташтыкка көмөктөшүү темасындагы B5+1B экинчи диалог форумуна катышмакчы.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты