АКШ Израилди Газадагы карапайым калк арасында жоготууга жол бербөөгө чакырды

  • 5 месяцев мурун

Израил армиясынын Газа тилкесиндеги салгылашуулары жаңы жоготууларга алып келүүдө. Бул тууралуу  Reuters агенттиги билдирди.

Жо Байдендин администрациясы Израилди карапайым калк арасында жоготууларга жол бербөөгө үндөп, өнөктөшүнө кысым көрсөтүүгө аракет кылууда. Муну Вашингтон Израилге аскердик колдоону кыскартарын ишара кылуу менен түшүндүргүсү келип жатат.

АКШнын вице-президенти Камала Харрис менен мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Газа тилкесинин түндүгүндөгү операция маалындагыдай жоготууларга жол бербөө үчүн Израилди чабуул операцияларын «хирургиялык тактык» менен жүргүзүүгө чакырышты.

Бул арада Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху согуштан кийин Газа тилкеси Израил армиясынын көзөмөлүндө калышы керектигин дагы бир жолу билдирди.

Шейшембиде Нетаньяху Газа тилкеси демилитаризацияланышы керектигин кайталаган.

«Муну камсыздай турган жалгыз күч – Израилдин Коргоо Күчтөрү. Бул үчүн эч бир чет элдик күч жооптуу боло албайт. Мен көзүмдү жумуп, башка сунуштарды кабыл алууга даяр эмесмин» деген Израилдин премьер-министри.

Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнис шаарында кургактагы операция башталгандан берки эң эле айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатат. Бул тууралуу The Times of Israel гезити ЦАХАЛдын өкүлүнө таянуу менен жазды.

Израил армиясынын башкы штабынын башчысы Герци Халеви Хан-Юнис курчоого алынганын жана Газа тилкесинде ХАМАСка каршы операциянын үчүнчү этабы башталганын жарыялады. Ал аскерлер анклавдын түндүк бөлүгүндө позицияларын бекемдөөгө умтулуп жатканын белгиледи.

Бул арада Газа тилкесинен да Израилге ракеталык чабуулдар уланып жатканы кабарланууда.

ЦАХАЛдын өкүлү Израил Хамастын 500 өтмөгүн, ошондой эле Газа тилкесинин түндүгүндөгү Жабалия шаарындагы командалык пунктту талкалаганын билдирди.

Газада операция башталгандан бери мерт болгон израилдик аскер кызматкерлеринин жалпы саны 80ге жетти.

Согуш башталгандан бери Газада каза болгондордун саны 16 миңге жакындап калды. ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, салгылашууларда 15 900 адам набыт болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты