АКШ эл аралык кылмыш сотунун Нетаньяху менен Галантты камакка алууга ордер берүү чечимин сындады

  • 2 месяца мурун

АКШ президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен коргоо министри Йоав Галантты камакка алуу боюнча Гаагадагы эл аралык кылмыш сотунун чечимин сындады. Бул тууралуу Байдендин Ак үйдүн сайтына жарыяланган билдирүүсүндө айтылат.

20-майда Гаагадагы эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну, коргоо министри Йоав Галантты, ошондой эле ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) саясий лидери Исмаил Ханияны, топтун аскердик бөлүгүнүн командачысы Мухаммад Дейфти жана Газа тилкесиндеги бөлүгүнүн башчысы Яхья Синварды камакка алууга ордер берүү маселесин карай турганын билдирген.

«Израил менен ХАМАСтын ортосунда эч кандай бирдейлик жок. Биз Израилдин коопсуздугуна каршы аракеттерде дайыма ал тарапта болобуз» деп жазылган Байдендин билдирүүсүндө.

Өз кезегинде АКШнын мамлекеттик департаментинин башчысы Энтони Блинкен эл аралык кылмыш сотунун ХАМАС менен Израилди теңдөө чечимин «уят» деп атады. Ал аталган соттун Израил менен палестиналык топтун ортосундагы жаңжалда тиешелүү юрисдикциясы жок экенин белгиледи. Блинкендин айтымында, прокурордун чечими эч кандай пайда алып келбейт, ал Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн.

Мындан тышкары Гаагадагы эл аралык кылмыш сотунун акыркы чечимине каршы петицияга израил парламентинин 100дөн ашык депутаты да кол койгону кабарланды.

«Гаага прокурорунун Израилдин жетекчилери менен ХАМАС террордук тобунун жетекчилерин теңештирүү – бул эч качан өчпөй турган тарыхый кылмыш жана жана антисемитизмдин ачык-айкын көрүнүшү болуп саналат» деп жазылган документте.

АКШ менен Израил Гаагадагы эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясын тааныбайт.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты