АКШ: Ак үй Байден менен Борбор Азия лидерлеринин алгачкы саммити тууралуу маалымат берди
- 1 год мурун
Ак үйдүн кеңешчиси Жейк Салливан президент Жо Байдендин Борбор Азия лидерлери менен боло турган алдыдагы жолугушуусу тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, C5+1 форматындагы саммитте аймактагы коопсуздук, соода жана байланыш, климаттын өзгөрүүсү боюнча көйгөйлөр менен катар ар бир өлкөдөгү башкарууну жана мыйзам үстөмдүгүн жакшыртууга багытталган реформалар талкууланат.
«Иш жүзүндө алып караганда С5+1 программасы 2015-жылы башталган. Ошондон бери ал бекемделди. Эми биз бул иш кандай жүзөгө ашып жатканын лидерлер деңгээлинде көрө алабыз» деди Салливан.
Алгачкы C5+1 саммити тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде 2015-жылы ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында уюштурулган.
Президент Садыр Жапаров беш күндүк иш сапар менен АКШга кечээ 17-сентябрда жөнөп кеткен.
18-сентябрда ал БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары саммитинин лидерлеринин диалогуна катышат. 19-сентябрда Башкы ассамблеянын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.
Ошол эле күнү президент Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын жана Кошмо Штаттардын президенти Жо Байдендин биринчи саммитине катышат.
Кыргыз президенти Нью-Йоркто БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору Аким Штайнер, бир катар мамлекеттердин жана эл аралык каржы институттарынын башчылары менен жолугушары жана 21-сентябрда АКШнын айрым ири компанияларынын өкүлдөрү катыша турган кыргыз-америка бизнес форумуна катышары кабарланды.
Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндөгү макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.
Жаңы келишимди даярдоо процесси бир нече жылдан бери уланып келе жатат.
Сүрөт: AFP.