Акимдерди кызматтан алуу, кызматка коюу: Депутат Самыйкожо маселе көтөрдү  

  • 1 год мурун

Бүгүн, 9-мартта, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо Жумгалда «акимди кызматтан алып койду» деп эл каршы болгонун белгилеп, акимдерди кызматтан алуу жана кызматка коюу кандай критерийлер менен коштолуп жатканына кызыкты.  

-Акимдерди кызматтан алуу жана кызматка коюу кандай критерийлер менен болуп жатат, ушуну билип берсеңиз, Алмаз Акунжанович (президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмаз Абытовго кайрылып). Жумгал районунда акимди алыптыр деп элдин атынан 10дон ашык, 13 депутаттын каты турат. Эл “иштеп жаткан акимди алып койду. Бул убакка чейин Жумгалда жасалган иштерди салыштырып көрбөйбү, кандай критерийлер менен алынды? Бизге президент келип берсин, президент  келбесе, өзүңүз келип берсеңиз» деп суранып жатат, Алмаз Акунжанович, -деди депутат Самыйкожо.

Буга чейин Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунун мамлекеттик администрациясынын башчылары алмашты. Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү да алмашты.

Президенттин жарлыгы менен Нарын облусунун Жумгал районунун акими Жамшит Матанбаев кызматтан бошотулган.

Сүрөт: ЖК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты