Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты

  • 1 год мурун

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Канат Жумагазиев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы жетекчини аймактын активине президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси Айбек Жунушалиев тааныштырды.

Белгилей кетсек, президенттин Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Нурил Алымбаев менен Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев жер мунапысына байланыштуу жетиштүү иш алып барбаганы үчүн кызматтан алынган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты