“Акиф” эт базарынын негиздөөчүсү жана директору кармалды

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Ош базарынын «Акиф» ЖЧКсынын эт базарында ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысы аныкталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.   

Тактап айтканда, «Акифа» фирмасы кош бухгалтердик эсепти түзүп, соода жайларын жана орундарын  ижарага берүү үчүн чогултулган каражаттар тийиштүү түрдө документтештирилбей, финансылык документтерде эсепке алынбастан төлөм жүргүзүлгөн. Ошол эле учурда базар жетекчилери күн сайын ижарачылардан 100 миң сомго жакын акча чогултуп, бирок каржылык отчеттордо алынган пайданын көлөмүн 90%га чейин кем баалашкан.

Ошондой эле жетекчилери алдамчылык аракеттери менен өзгөчө ири өлчөмдө жабырлануучунун  мүлкүн тартып алганы аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде 2024-жылдын 14-февралында  1965-жылы туулган Ф.С.В., «Акиф» ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана 1973-жылы туулган К.Н.А., «Акиф Фирма» ЖЧКсынын башкаруучу директору кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.   

“Акиф” эт базарынын негиздөөчүсү жана директору кармалды
“Акиф” эт базарынын негиздөөчүсү жана директору кармалды
“Акиф” эт базарынын негиздөөчүсү жана директору кармалды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты