Акча опузалаган Таш-Көмүр шаар кеңешинин эки депутаты кармалды

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.С.С. жана Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты С.Н.А. 25 миң сомду пара катары алып жатканда кармалган. Алар эки айга камакка алынды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин ( УКМК) басмс сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.С.С. жана Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты С.Н.А., ар кандай текшерүү жасап, «шаардык кеңештин отурумуна алып чыгам, кызматтан кетесиң» деп коркутуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинен 25 миң талап кылгандыгы аныкталгандыгы айтылат.

Аталган факты боюнча УКМК кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козгогон.

Соттун чечими менен депутаттар УКМКнын тергөө камак жайына эки айга камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жаткандыгы маалымдалды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты