Акча каражаттарын өлкөгө алып кирүүдөгү көйгөйлөр: УКМК депутатка жооп берди

  • 2 месяца мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Уланбек Жаанбаевдин Кыргыз Республикасына акча каражаттарын алып кирүүдө жаралып жаткан көйгөйлөр тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) маалымат берди.

“Акча каражаттарын мамлекеттик чек ара аркылуу алып өтүүгө көзөмөл Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын жана өлкөнүн эл аралык милдеттенмелеринин чегинде гана жүзөгө ашырылат. Бул чаралар финансылык коопсуздукту камсыздоого жана мыйзамсыз финансылык операцияларга каршы күрөшүүгө багытталган” деп билдирди УКМК басма сөз кызматы.

Жогорку Кеңештин 4-марттагы жыйынында депутат Уланбек Жаанбаев Россиядагы кыргызстандык ишкерлер Кыргызстанга акчаны эркин киргизе албай жаткандыгы тууралуу айтып чыккан. УКМК кызматкерлери Бишкек жана Ош шаарларынын аэропортторунан акчанын бир бөлүгүн алып коюп жаткандыгына даттануулар бар экенин билдирген. Ушуга байланышту депутат Министрлер кабинетине кайрылып, бул маселени териштирүүнү сунуштаган.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты