Академик Осмон Тогусаков дүйнөдөн кайтты  

  • 1 год мурун

Улуттук илимдер академиясынын академиги, философия илимдеринин доктору Осмон Тогусаков 72 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу Улуттук Илимдер академиясы кабарлады.

Тогусаков Осмон 1953-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кызыл-Арык айылында туулган. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик универсетинин география факультетин бүтүргөн. 1989-1991-жылдары Алматы шаарында докторантурада окуган.

1979-жылдан баштап Кыргыз УИАнын философия институнда кенже, улуу илимий кызматкер, окумуштуу катчы болуп иштеген. 1993-жылы философия илимдеринин доктору, 1994-жылы эл аралык коомдук Айтматов академиясынын мүчөсү болгон.

1992-жылдан 2017-жылга чейин Улуттук Илимдер акамедиясынын философия институнун директору болуп иштеген. Эмгектери табият таануу жана техниканын философиялык маселелерине арналган. 2003-жылы Кыргыз Республикасынын илимине эмгек синирген ишмер наамына ээ болгон.

Илимий теориялык изденүүлөрү алдын ала андап билүүнүн, прогноздоонун диалектикасын, анын илимдеги жана практикадагы методологиялык маанисин тастыктоого багытталган.

Это изображение имеет пустой атрибут alt; его имя файла - osmon-togusakov.jpg

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты