Академик Арстанбек Мурзалиев дүйнөдөн өттү

  • 2 года мурун

20-мартта, академик Кыргызстандагы неврология жана медициналык генетиканы изилдөө жана өнүктүрүү жаатындагы илимий мектептин негиздөөчүсү жана жетекчиси Арстанбек Мурзалиев 91 жашында дүйнө салды.

Арстанбек Мурзалиев 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институттун дарылоо факультетин, 1955-жылы неврология кафедрасынын клиникалык ординатурасын бүтүргөн. 1955-1966- жылдары Москвадагы көрүнүктүү невропатолог, профессор М. Ю. Рапопорттун жетекчилиги алдында академик Н. Н. Бурденко атындагы медицина илимдер академиясынын нейрохирургия илим-изилдөө институтунун аспирантурасын жана докторантурасын аяктаган.

Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык институтта эмгектенип, карьералык өсүштүн бардык баскычтарын — ассистент, доцент, профессор — неврология кафедрасынын башчысы, аталган окуу жайдын илим боюнча проректору (1978 — 1987-жылдары), ректор (1987-1996-жылдары) кызматтарын басып өткөн.

Илимий жана практикалык жетишкендиктери үчүн «Республиканын эмгек сиңирген дарыгери» наамына (1974-жылы) ээ болуп, Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү (1977-жылы),  анык мүчөсү (1984-жылы) болуп шайланган. «Илимге эмгек сиңирген ишмер» наамына (1991-жылы), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттыгына (2011-жылы) татыктуу болгон.

Академик Мурзалиев Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышына депутат болуп шайланган (1985–1995-жылдары). «Даңк» медалы, «Манас» ордени менен сыйланган.

Академик Мурзалиев өмүрүн кыргыз медицинасынынын неврологиялык кызматын түптөөгө арнаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты