Төрөбаев Каракол-Эңилчек жолунун курулушун текшерди
- 3 месяца мурун
Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Каракол-Эңилчек автожолунун курулушунун жүрүшүн текшерип, подрядчылардын жана жооптуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн отчетторун укту.
Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.
Каракол – Эңилчек автожолу транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, алыскы калктуу конуштарга жетүүнү жакшыртуу жана Ысык-Көл аймагынын туристтик жана экономикалык потенциалын ачуу үчүн маанилүү экени белгиленди.
Төрөбаев подрядчыларга курулуш иштеринин жогорку сапатта жүргүзүлүшүн камсыз кылууну, долбоордун мөөнөттөрүнө көзөмөлдү күчөтүүнү жана курулушту белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.

Сүрөт: gov.kg
Муну бөлүшүү




