Ак-Талаада айыл аймак башчысы, орун басары, мамлекеттик органдардын жана жеке фирма жетекчилери кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мамлекеттик органдарында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча маалыматтар келип түшкөн. Аталган фактынын негизинде УКМК тарабынан  кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, бөлүнгөн гранттарды сатып жаткан Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагынын жетекчилиги курулуш объектилерине жооптуу мамлекеттик органдардын жана жеке фирмалардын жетекчилери менен тил табышып, бүткөрүлө элек футбол аянтчасын жана маданият үйүн капиталдык оңдоону мыйзамсыз пайдаланууга алышкандыгы аныкталды. Мамлекетке жалпы суммасы 3 млн 400 миң сомдук зыян келтирилген.

11-мартта 7 адам — Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагынын башчысы С.М.Д., анын орун басары А.К.И., Нарын аймактык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын улук инспектору М.З.М., Ак-Талаа райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жетекчиси А.Р.К., «Кыргызбилдкомпани» ЖЧКсынын директорунун орун басары  И.С.Р. , “Эл-Эр” ЖЧКсынын директорунун орун басары Н.К.Ч. жана курулушка жеке техникалык көзөмөл жүргүзүүчү К.Н.Ж. кармалды.  Кылмыш-процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК тарабынан Ак-Талаа районунун мамлекеттик органдарынын бул укукка каршы жосундарына  тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ак-Талаада айыл аймак башчысы, орун басары, мамлекеттик органдардын жана жеке фирма жетекчилери кармалды
Ак-Талаада айыл аймак башчысы, орун басары, мамлекеттик органдардын жана жеке фирма жетекчилери кармалды
Ак-Талаада айыл аймак башчысы, орун басары, мамлекеттик органдардын жана жеке фирма жетекчилери кармалды
Ак-Талаада айыл аймак башчысы, орун басары, мамлекеттик органдардын жана жеке фирма жетекчилери кармалды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты