“Ак-Суу” балдар реабилитациялык борборун реконструкциялоого каражат табуу маселеси каралат   

  • 12 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-апрелде, Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын “Ак-Суу” реабилитациялык бөлүмүнө барды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор 100 орунга ылайыкташып, атайын борбордук нерв системасынын оорулары, тагыраак айтканда церебралдык шал оорусу менен балдарды дарылоого багытталган. Анын аймагында дарылык касиетке ээ радон булактары бар.

“Ак-Суу” реабилитациялык бөлүмүндө өлкөнүн ар кайсы облустарынан келген 72 бала дарыланууда.

Санаторийде совет доорунда курулган 3 корпус бар, алар бүгүнкү күндө капиталдык реконструкцияга муктаж. Ошол эле учурда балдарды реабилитациялоо жана аларды карап жаткан ата-энелер үчүн зарыл шарттар бар.

Мамлекет башчы реабилитациялык борборду кыдырып чыгып, медицина кызматкерлери менен баарлашууда мекеменин орчундуу көйгөйлөрүн чечүү жана аны капиталдык реконструкциялоого каражат табуу маселеси карала турганын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты