“Ак-Сай” мейманканасын сатууда мыйзам бузуу аныкталды
- 3 недели мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан «Ак-Сай» мейманканасын менчиктештирүү учурунда мыйзам талаптары бузуу фактыларын аныктады.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
«Президенттин буйругу менен 1996-жылы мейманкана республикалык «Дыйкан-Ордо» эркин фермерлер жана айылдык ишкерлер ассоциациясынын балансына өткөрүлгөн. Ал эми 2004-жылы Бишкек шаарынын мэриясы жанаша жайгашкан 0,325 гектар жерди 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берген. Бирок 2005-жылы республикалык «Дыйкан-Ордо» ассоциациясынын башкармалыгынын мурдагы төрагасы И.Р.А. өз ыйгарым укуктарынан аша чаап, белгиленген тартипти бузуу менен «Ак-Сай» мейманканасын С.Э.А.га 1 млн. сомго саткан» деп айтылат маалыматта.
«Анда белгиленгендей, мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 170 миллион 554 миң сомду түзөт.
Бүгүнкү күндө аталган объектте көп кабаттуу турак үйдүн курулушу аяктоодо. УКМК тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жана түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйдүн үлүшчүлөрү жер тилкесин менчиктештирүүнүн жол-жобосундагы мыйзам бузууларды моюнга алып, ордун толтуруу катары өз ыктыяры менен 9 батир жана аталган курулуп жаткан турак үйдөн 300 чарчы метр коммерциялык жайды өткөрүп берди» деп билдирди УКМК басма сөз кызматы.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы