Ак-Ордодо эки адамды өлтүрүүгө шектүү 3-декабрга чейин камалды
- 1 месяц мурун
Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда эки кишини өлтүрүүгө шектүү 19 жаштагы И. С. 3-декабрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди борбор шаардын Биринчи май райондук соту чыгарды.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 3 – октябрында саат 03:28 чамасында “102” кызматына Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунун Ынтымак көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде, белгисиз эркек киши үйгө кирип, үй ээсине бычак менен жаракат келтирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган факты маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, окуя болгон жерге ИИМдин жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу барган учурда, аталган үйдүн ичинен 1991-жылы туулган И. у.Э. жана анын бир тууган эжеси 1987-жылы туулган Б.А.нын сөөгү табылган.
Ал эми окуя болгон жерди кароо учурунда далил буюмдар, сыртта турган автоунаанын жүк ташуучу жеринен ири суммадагы акча каражаты табылып, алынган.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси «адам өлтүрүү» менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Алдын ала маалыматка ылайык, судмедэксперттер менен кароо учурунда маркум И.у.Эге 18 жолу, ал эми анын бир тууган эжеси Б.А.га 11 жолу бычак сайылгандыгы маалым болгон.
Тергөө ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү боюнча толук маалыматтар жана фактылар чогултулуп, ал 2006-жылы туулган И.С. экендиги аныкталган. Шектүүнү маркумдун жубайы да таанып, ушул деп көрсөтмө берген.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү И.С. коомдук жайларда орнотулган ИИМдин “Коопсуз өлкө” долбоорунун тутумуна кошулган жүздү таануу көзөмөл камералардын жардамы менен кармалып, тергөө кызматына жеткирилди.
Сүрөттө: шектүү. ИИМ басма сөз кызматы




