Ак калпак күнү. Куттуктоо

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, кыргызстандыктарды Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктады.

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

«Сиздерди Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Бул күн – куттуу элибиздин руханий жактан өнүгүшүнө, баалуулуктарыбыз баштаган бай маданий мурастарыбызды жайылтууга салым кошом деген жарандардын, мамлекетибиздин өткөнүнө, бүгүнкүсүнө жана эртеңки келечегине кайдыгер карабаган мекендештерибиздин башын кошо турган өзгөчө күн!

Ата-бабаларыбыздын бизге – урпактарга калтырган материалдык эмес маданий табериги улуттук маданиятыбыздын маанилүү бөлүгү, улуттук аң-сезимдин негизи болуп, муундардын жана доорлордун руханий байланышын бекемдөөдө жана өлкөбүздүн маданий саясатын калыптандырууда негизги ролду ойнойт.

Улуттук кийим – бул жөн эле кийим эмес, ал элдин тарыхы, маданияты, каада-салты жана жашоо-турмушу. Ал улуттун өзгөчөлүгүнүн сактоого жардам берет. Мына ошондуктан бул майрам мамлекетибиздин булуң-бурчунда – айылдар менен шаарларында чоң кубаныч, өзгөчө сезим менен белгиленип келет».

Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы токтому менен 5-март ак калпак күнү деп расмий кабыл алынган.

  • Расмий эмес түрдө ак калпак күнү 2011-жылдын 5-мартынан бери белгиленип келе жатканы белгилүү.
  • Нечен кылымдардан мурас болуп калган улуттук баш кийимин аздектөө, кыргыз элинин баалуулугу катары белгилөө максатында демилге көтөргөн режиссер Рысбек Жабиров болгон.
  • 2018-жылы ак калпак күнү Бишкекте бир тонна бешбармак жасалган.
  • 2018-жылы маданият министрлиги калпакты импорттоого тыюу салууну сунуштаган.
  • Буга чейин Жогорку Кеңеште бийлик башындагыларды жана спортчуларды чет элге барганда калпак кийүүгө милдеттендирүү демилгеси да көтөрүлгөн.

Сүрөт: «Азаттык».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты