“Бизден кийинки муундарга да табият керек экенин унутпагыла”. Президент жаратылышты таза сактоого чакырды

Садыр Жапаров бүгүн, 17-августта, Ысык-Көлдүн бир чакырым жерин жөө кыдырып келгенин, көлдүн жээгине таштанды толуп кеткенин, сактоого Фейсбук баракчасына жазып, табиятты таза сктоого чакырды.

-Бүгүн, дем алыш күнү, Ысык-Көлдүн жээгин жөө кыдырып келдим. Болгону бир километр жээкти видео тасмага тартып алдым. Өзүңүздөр көрүп тургандай, бир метр таза жер жок. Жээктин баары таштандыга толуп кеткен. Анысы аз келгенсип автомашиналар менен көлгө чейин кирип алышкан. Көлдүн жээгине 100 метрге чейин кирбеш керек деген эрежени билишпейт (автомобилдерди жана ээлерин аларды уят кылбайын деп видеодон алып койдум) деп жазды президент Жапаров.

“Урматтуу кыргызстандыктар, келгиле табиятыбызды таза сактайлы. Өзүңөрдүн таштандыны өзүңөр жыйнай кетсеңер колуңар сынып калбайт го акыры. Табият силерге бүгүн эле керектей колдонбогула да. Бизден кийинки муундарга да табият керек экенин унутпагыла” деди.

«ПолитКлиниканын» экология тууралуу тести бул шилтемеде.

Сүрөт: Видео тасмадан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты