Ак калпак — Ала-Тоонун бийиктигинин, жан дүйнө тазалыгынын символу. Куттуктоо

  • 2 месяца мурун

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев бүгүн, 5-мартта, кыргызстандыктарды Ак калпак жана улуттук кийим күнү менен куттуктады.

“Ак калпак жөн гана баш кийим эмес. Ал элибиздин тарыхый эс тутуму, ата-бабаларыбыз бизге мурас катары калтырган ыйык символ, ар-намыстын, тазалыктын, асылдыктын жана улуулуктун чагылдырылышы. Кылымдарды аралаган кыргыз эли үчүн ак калпак улуттук биримдиктин, каада-салттардын жана руханий баалуулуктардын ажырагыс бөлүгүнө айланган” деп айтылат куттуктоодо.

Улуттук кийим бул элдин жүзү, анын маданияты жана дүйнө таанымы. Кыргыз улуттук кийиминин ар бир оюмунда, ар бир деталында терең философиялык маани бар. Алар көчмөн цивилизациянын жогорку эстетикасын, адамдын жаратылыш менен айкалышын жана анын руханий тереңдигин туюндурат.

Глобалдашуу доорунда улуттук өзгөчөлүктү сактоо – мамлекеттик көз карандысыздыкты жана руханий эркиндикти сактоо дегенди билдирет. Заманбап өнүгүү жолунда ишенимдүү бара жатып, биз улуттук баалуулуктарыбызды, каада-салттарыбызды, эне тилибизди жана маданий мурасыбызды аяр сактап, өркүндөтүшүбүз керек.

Ата-бабаларыбыз калтырган баалуулуктарды жаш муунга өткөрүп берүү өзгөчө маанилүү. Бул ар бир үй-бүлөнүн, билим берүү мекемелеринин жана бүтүндөй коомдун ыйык милдети. Өз тарыхын билген жана маданияты менен сыймыктанган, улуттук аң-сезими бекем муун – мамлекетибиздин келечегинин бекем жана гүлдөп-өнүгүшүнүн ишенимдүү кепилдиги.

Ак калпак Ала-Тоонун бийиктигинин, улуулугунун жана элдин жан дүйнөсүнүн тазалыгынын символу болуп саналат. Аны кийген ар бир кыргыз жараны өз элинин тарыхын, маданиятын жана Мекен алдындагы жоопкерчилигин жүрөгүндө алып жүрөт, -деп белгиленди куттуктоодо.

2019-жылы ак калпак Кыргызстандын атынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурасы катары ЮНЕСКОго катталган. 5-март 2011-жылдан бери Ак калпак күнү катары расмий түрдө белгиленип келет.

Иллюстрациялык сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты