Президент Бишкекте электробус жана газ менен жүрүүчү автобусту тейлөө борборун ачты

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-августта, Бишкек шаарынын мэриясынын электробустарды жана газ менен жүрүүчү автобустарды тейлөө борборунун ачылышына катышты.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Маалыматта белгиленгендей,.4,7 гектар болгон аймакта оңдоочу жайлар, административдик-тиричилик корпусу, көмөкчү жайлар жана инфраструктуралык объектилер жайгашкан. Парк бир эле учурда 150 электробустун жана газ менен жүрүүчү автобустардын иштешин камсыздай алат, бул шаардык каттам тармагынын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кыйла жогорулатат.

“Акыркы эки жылда газ менен жүргөн 1000дөн ашык автобус сатып алдык. Мындан ары да транспорттук паркты жаңылоону улантабыз. Бирок азыркы күндө транспорт гана эмес, экология маселеси да курчуй баштады. Калаа тургундарынын коомдук транспортун жакшыртуу менен катар шаардыктарга таза аба да өтө маанилүү. Мындай заманбап чечимдер – биздин келечекке болгон жоопкерчилигибиз!”деди Жапаров.

Ал ошондой эле “2-депо” троллейбустардын токтотмо жайы 1971-жылы курулуп, пайдаланууга берилгенин эске салды. Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Бишкек шаарына 120 жаңы электробус алынып келинди. Жогоруда аталган депо толугу менен оңдолуп-түзөлүп, заманбап кубаттоочу инфратүзүм катары модернизацияланды.

“Жаңы транспорттук комплекс — Бишкек шаарынын коомдук транспорт системасын жаңы деңгээлге чыгаруучу ири долбоор. Бул жай – борбор калаанын коомдук транспорт каттамын камсыздоочу автобустар менен электробустардын ишенимдүүлүгүн жогорулатат. Шаарлыктарды үзгүлтүксүз жана сапаттуу тейлөөгө өбөлгө түзөт”, — деп баса белгиледи

Мамлекет башчы Президент Садыр Жапаров депо менен таанышып, андан соң электробуска жана троллейбустан кайра жасалган автобуска түшүп жол жүрдү.  

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты