“Бир келип кетчи, Ош жакка”. Ош драма театрынын Бишкектеги жумалыгы   

  • 2 месяца мурун

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын Бишкек шаарындагы жумалыгы 30-мартта «Бир келип кетчи Ош жакка» спектакли менен башталды.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Спектакль Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү. Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Арслан Койчиевдин «Тагдыр жөнүндө ыр» чыгармасы боюнча коюлган «Бир келип кетчи, Ош жакка» спектаклди борбор калаанын көрүүчүлөрү кол чабуулар кабыл алышты.

“Бир келип кетчи Ош жакка” улуттук тарыхтын татаал барактарына жетелеп, адам тагдыры менен доор сыноосунун айкалышын терең философиялык деңгээлде ачып берет.

Спектаклде 30-40-жылдардагы кыргыз айылынын турмушу, экологиялык көйгөй, ошондой эле репрессия жана Улуу Ата-Мекендик согуш сыяктуу тарыхый окуяларда адам тагдыры, согуштун азабы жана Мекенден алыс жүргөн адамдын ички трагедиясы чагылдырылат.

Ошондой эле, театр жумалыгынын алкагында дагы бир катар мыкты спектаклдер борбор калаа көрүүчүлөрүнө тартууланмакчы.

Режиссер Уланмырза Карыпбаевдин чыгармачылыгына арналган “Карыпбаев Фест” эл аралык театр фестивалы 29-марттан 8-апрелге чейин өтүүдө. Бул маданий иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жана “ТҮРКСОЙ” түрк маданиятынын эл аралык уюмунун колдоосу менен уюштурулуп жатат.

“Карыпбаев Фест” алкагында Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Россия өлкөлөрүнүн театр сахналарында режиссердун тандалган спектаклдери көрсөтүлөт.

Сүрөт: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты