Ак илбирс символунун логотиби бекитилди
- 1 месяц мурун
Министрлер Кабинети ак илбирсти өлкөнүн улуттук символу деп таануу жөнүндө токтом кабыл алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон документте ак илбирстин расмий логотибин кабыл алуу жана аны колдонуу тартиби да каралган.

Белгилей кетсек, бул чечим президенттин жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Кыргызстандын жаратылыш жана маданий мурастарын чагылдырган символдорду сактоо, коргоо жана популяризациялоо максатында кабыл алынды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине ак илбирстердин популяциясын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү тапшырылды.
Сүрөт: gov.kg
Муну бөлүшүү




