Ак-Буура дарыясынын корук аймагында жайгашкан “Байсан” рестораны буздурулууда
- 1 месяц мурун
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин жетекчилиги алдында Ак-Буура дарыясынын корук аймагында жайгашкан “Байсан” рестораны буздурулууда.
Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.
Шаар мэри Акаев белгилегендей, аталган объект буга чейин толук бузулбай калган. Мындан тышкары, ээлери мэрия тарабынан сунушталган мыйзамдуу талаптарга жана сүйлөшүүлөргө макул болбой, өз алдынча мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзгөн.
Ошондой эле шаар бийлиги корук аймактарында мыйзамсыз курулуш жүргүзүүгө жол берилбей турганын эскертип, жарандарды мыйзам талаптарын так сактоого чакырды.
«Байсан» рестораны Ак-Буура дарыясынын 50 метр корук зонасында курулуп калганы маалымдалды.
Ак-Буура дарыясынын жээгинде 10 гектардан ашуун аянтка сквер куруу каралып, учурда бул аймакта тиешелүү курулуш иштери активдүү жүрүп жатат.
Аталган «Байсан» рестораны Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековго таандык деп айтылып жүргөн, бирок Келдибеков ресторанга тиешеси жок экенин, ал Адалат Абдибаитова аттуу жеңесиники экенин билдирди.
Сүрөт: Ош мэриясы




