«Ак Босого» конушунда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
- 5 месяцев мурун
25-февралда саат 9.00дөн 15:00 гө чейин Бишкек шаарынын “Ак босого” конушунда турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык—тиричилик багыттагы жана өнөр—жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Ичүүчү суу «Ак Босого-1», «Ак Босого-2» суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
«Бишке суу канал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү