Ак-Бешим айылында баласы алагүү абалында апасына кол көтөрүүгө шектелүүдө  

  • 1 год мурун

Чүй районунун Ак-Бешим айылында 39 жаштагы Б.З. спирттик ичимдиктен алагүү болуп, 64 жаштагы апасын сабап, апасы ооруканага түшкөн.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 7-июлда болжол менен саат 21:00 дө Ак-Бешимдеги алардын үйүндө болгон. Үйдө 64 жаштагы апасы Б.Б., анын күйөөсү 74 жаштагы Б.А. жана алардын 39 жаштагы уулу Б.З болгон. Уулу алагүү болуп, апасына кол көтөргөн.

Апасы Токмоктогу ооруканага жатып калган. Медицина кызматкерлери милицияга кабар берген. Бул окуя боюнча экспертиза дайындалып,  денеге анча оор эмес зыян келтирүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты