«Айымдардын саясат, бизнес, илим жана башка тармактарга катышуусун колдоо жана өнүктүрүү зарыл». Президенттин куттуктоосу  

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров өлкө айымдарын 8-март — аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Куттуктоодо мындай леп айтылат:

«Айымдардын саясатка, бизнеске, илимге жана башка тармактарга катышуусун ар тараптан колдоо жана өнүктүрүү зарыл.

Өлкөбүздүн тарыхында аялдардын саясий ажырымды жоюуга, ар кандай социалдык топтордун тынчсызданууларын аныктоого, саясат иштеп чыгууда консультациялык жана биргелешкен мамилени жайылтууга жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп келет. Аялдардын демилгелери, ой-пикир, сунуштары баарыбызды шыктандырып, өлкөбүздүн алдыга карай кадам шилтешине чоң салым кошот деп терең ишенем.

Мына ошондуктан, “2030-жылга чейин аялдар лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программасы жөнүндө” жарлыкка кол койдум. Мындан тышкары, аялдар, балдар жана үй-бүлө маселелерин координациялоо президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнө жүктөлөт.

Өлкөбүздөгү ар бир аялзаты: даанышман эне, сүйүктүү жар, күйүмдүү карындаш, жароокер кыз бакубат өмүр сүрсүн!- деп айтылат

Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайм!

Жаз майрамыңыздар, март майрамыңыздар кут болсун» деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты