Айылды таза суу менен камсыздоого берилген акчаны менчиктеп, качып жүргөн киши кармалды  

  • 6 месяцев мурун

Ички иштер министрлиги (ИИМ) П. Д. аттуу Чүй облусунун тургунун кармады. Ал ири өлчөмдөгү акча каражатын өзүнө ыйгарып алууга шектелүүдө.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.  

П. Д 2004-жылы “КВТ” аттуу жоопкерчилиги чектелген коомдун директору кезинде, компания айылдарды таза суу менен камсыздоо департаментинин тендердик комиссиясынан утуп чыккан. Ал компания Жайыл районунун Кожомкул айылын таза суу менен камсыздоо тутумун курмак.   

Бирок КВТ компаниясы таза суу менен камсыздоо тутумун курбай, акчаны менчиктеп алып, мыйзамды одоно бузууга барган. Андагы материалдык чыгым 8 млн сомду түзгөн. Компания жетекчиси изделип жаткан.

Кармалган жаранга кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгондугу маалымдалды.  

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимин менен ага эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу бөгөт чарасы тандалды.  

ИИМ басма сөз кызматы тараткан сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты