Айыл өкмөттүн башкы адиси УКМК кызматкерине пара берүүгө шектелүүдө

  • 2 года мурун

Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөтүнүн башкы адиси 14-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерине финансылык-чарбалык ишмердикти текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө шектелүүдө.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Ага кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) боюнча, ижарага берилген жайыт жерлеринин мыйзамдуулугун жана максаттуу пайдаланылышын текшерүүнү токтотуу максатында УКМК ыкчам кызматкерине 30 миң сом өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылган Б.Ю.Я. аттуу жаран кармалды.

Ал УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты