Айыл чарба министрлигине 44 автоунаа тапшырылды
- 2 месяца мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине 44 даана кызматтык автоунаанын ачкычын тапшырды.
Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.
Белгиленгендей, 44 даана кызматтык автоунаанын баасы — 92,6 млн сом. Мамлекет тарабынан сатып алынган бул кызматтык автоунаалар министрликтин Суу ресурстары кызматына жана Балык чарба департаментине берилет.
Сүрөт: gov.kg
Муну бөлүшүү




