Айыл чарба министрлиги ун саткан жарманкелер уюштурулганын билдирди

  • 8 месяцев мурун

Ун базарындагы кырдаалды турукташтыруу үчүн айыл чарба министрлиги ун өндүрүүчүлөр ассоциациялары менен бирге унду жеткиликтүү баада сатууну уюштуруу үчүн жарманкелерди уюштурду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкектеги жарманкеде жергиликтүү өндүрүштөн чыккан жогорку сорттогу бир кап ун (50 кг) 1860 сом , 1-сорту 1500 сом жана 2-сорту 1125 сом болуп жатат. Жарманкелер борбор калаанын төрт ири базарында уюштурулду.

Соодагерлердин белгилешинче, Казакстанда өндүрүлгөн жогорку сорттогу ундун бир кабы мурда 1900 сом турса, соңку бир аптадан бери 3300-3500 сомго чейин көтөрүлгөн.

Кыргызстандын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясы ички рынокто 50% казак уну сатыларын билдирди. Өкмөт казак унунун баасын жөнгө салуу боюнча чараларды айта элек.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев буудай тартыштыгы жок экенин айтып, казак уну темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап жатканын айткан.

Кыргызстан ундан сырткары буудайды негизинен Казакстан менен Орусиядан алат. Мурда эки өлкөнүн буудай импортундагы үлүшү дээрлик теңме-тең болчу, Орусиядан 55%, Казакстандан 45% келчү. 2022-жылы бул көрсөткүч кескин өзгөрүп, Орусия 97%, Казакстан 3% үлүшкө ээ болгон. Ал эми быйылкы жылдын жети айында өлкөгө бул мамлекеттерден 181 миң 210 тонна буудай кирди. Бул буудай быйыл 65% көп импорттолду дегенди билдирет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты