Мурдагы айыл чарба министри кармалды
- 2 месяца мурун
Мурдагы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
УКМК тарабынан экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында мурдагы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин коррупциялык жана алдамчылык ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар алынган.
«Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3- пункту (Кылмыштуу кирешелерди адалдоо) туралуу каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, мурдагы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Э.Ч. «Лиматекс пахта корпорациясы» ЖЧКсынын аткаруучу директору болуп туруп, компаниянын Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жайгашкан, жалпы аянты 50 гектардан ашык жер участокторун мыйзамсыз менчиктештирүү жолу менен жеке тараптарга сатып жибергендиги аныкталган. Келтирилген зыян алдын ала 500 миллион сомго бааланууда»,- деп жазылат маалыматта.
Топтолгон далилдердин негизинде мурдагы министр Ч.Э. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда аталган коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.