Айыл чарба кооперативдери: Көйгөйлөр жана келечек маселеси талкууланды  

Бүгүн, 26-апрелде, Бишкек шаарында Айыл чарба министрлигинин конференц-залында Айыл чарба кооперативдери боюнча тегерек стол өткөрүлдү.

Ага мамлекеттик мекеме, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун жана 7 облустан айыл-чарба кооперативдеринин өкүлдөрү катышты. 

Тегерек столдо азык-түлүк коопсуздугу маселелерин чечүүдө айыл-чарба кооперативдеринин ролу, тажрыйбалар менен таанышуу, жетишкендиктер менен бөлүшүү, өнүгүү жолундагы көйгөйлөр тууралуу сөз болду. Айрыкча салык жана мамлекеттик фонддон жер аянттарын ижарага алуудагы, сугат сууларды пайдалануу сыяктуу көйгөйлөрдү угуу жана чечүү максатында талкуу суроо-жооптор менен коштолду. 

Андан сырткары тегерек столдо кластердик өнүгүү жана кооперативдердин орду жөнүндө Айыл чарба министрлигинин, жергиликтүү бийликтин салымы жана аракеттери тууралуу сөз болду.

Биринчи сессия айыл чарба кооперативдери ишмердүүлүгү, ийгиликтери, көйгөйлөрү менен бөлүштү.

Айыл чарба кооперативдери: Кандай жолду басып өттү?

Республикада кооперативдик кыймылды өнүктүрүүнүн абалы менен Кыргызстан кооперативдер союзунун төрайымы Айнура Иманбекова тааныштырды.

1992-94-жылдары айыл чарба багытындагы жерлерди менчиктештирүүнүн натыйжасында 286 миңден ашык дыйкан чарбалар түзүлгөн болсо, азыр 450 миңден ашык майда дыйкан чарбалар пайда болду. Мына ушул чарбалардын басымдуу бөлүгү жыл сайын түшүм алуу, аларды сатып өткөрүүгө байланышкан кыйла маселени жараткан кыйынчылыктарга дуушар болушат.

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүп тургандай, биргелешип чарба жүргүзүүнүн эң жөнөкөй жана натыйжа берген формасы болуп- кооператив саналат.Дүйнө жүзүндө башка форма ойлонуп табыла элек.

Кыргызстанда кооперативдердин учур талабына дал келген жаңы модель, үлгүсүн үйрөнүү, практикада колдонуу же б.а. кооперативдердин пайдубалын түптөө 2000-2003-жылдарга туура келет. Ал эми алардын ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзамдын жаңы редакциясы 2004-жылы иштелип чыккан. 2007-жылы Кыргызстан кооперативдер Союзу уюшулган.

Айыл чарба кооперативдери салыктын бардык түрүнөн бошотулган жана социалдык төлөмдөрдөн, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрда чыккан 309- токтому менен мамлекеттик айыл чарба багытындагы жер фондусунан жер аянттарын ижарага алууда дагы жеңилдиктер берилген.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында 4000ден ашык айыл чарба кооперативдери каттоодон өткөндүгү боюнча Юстиция министрлиги тарабынан айтылып келет, бирок Статистика комитетинин акыркы 3 жылдын ичиндеги берген маалыматтарда, 400гө жакыны көрсөтүлөт. Ошонун негизинде иштеп жаткан канча чыныгы кооператив бар экендигин айтуу мүмкүн эмес. Статистикалык маалыматтын жетишсиз, толук маалыматка ээ болуу маанилүү болсо дагы, ушул күнгө чейин бул көйгөйгө маани берилбей келет.  Ага байланыштуу кийинки көйгөйлөр чыгып жатат.

Бүгүнкү тегерек стол мына ушул айыл чарба кооперативдеринин көйгөйлөрүн угуу, аларды чечүү боюнча чечим кабыл алуу максатында уюштурулду.

Долбоорлор баяны

Экинчи сессияда кластердик өнүгүү, азык-түлүк коопсуздугу маселелерин чечүүдө кооперативдердин орду, айыл чарба саясаты боюнча Кыргызстан кооперативдер союзунун президенти Бактыбек Шамкеев презентация жасады.

Үчүнчү сессияда эл аралык уюмдардын долбоорлорунун алкагында кооперативдерге колдоо көрсөтүү, жана өнөктөштөрдүн ролу, жана о.э. кооперативдерди туруктуу өнүктүрүүгө, инфраструктурасын жакшыртууга кошкон салымдары жөнүндө долбоорлор баяндалып, жыйынтыкталды.

Айпери Абдуллаева

Сүрөт: Тегерек столдун жүрүшүнөн. «ПолитКлиника».

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты