Баткенде кыргыз-өзбек айыл чарба жарманкеси уюштурулду

  • 6 месяцев мурун

15-ноябрда Баткен шаарында “Алтын күз” эл аралык айыл чарба жарманкеси өттү.

Аталган иш-чараны Баткен району менен Баткен шаары, Өзбекстандын Рыштан жана Сох райондору бирге, дыйкан фермерлерди, ишкерлерди колдоо жана алардын кызматташуусуна шарт түзүү максатында уюштурушкан.

Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкулүнүн бсма сөз кызматы билдирди.

Жарманкеге аталган райондордун айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр органикалык таза, натуралдуу азык түлүктөрүн алып келишкен.

Иш чаранын расмий бөлүгүндө сөз сүйлөгөн КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров «аймактын агрардык тармагын өнүктүрүүгө багытталган бул иш чаралар Баткен жана Фергана облусунун айыл чарба жаатында кызматташуусу үчүн пайдалуу аянтча болот, ишкерлер да өндүрүштүк жааттагы кызматташууга көңүл бурат” деген ишеничин билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты