Кыргызстан өзүн негизги азык-түлүктүн 5 түрү менен камсыздай алат

  • 7 месяцев мурун

Кыргызстан өзүн негизги делген азык-түлүктүн бештүрү менен камсыздай алат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик тобу менен “Мекенчил” депутаттык тобунун 29-сентябрдагы биргелешкен жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков “быйыл биз өзүбүздү картошка менен 100% камсыздайбыз”, – деп билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 670 миң тонна кант кызылчасы жыйналды, эми кайра иштетилет. Кант менен камсыздоо 82,7% түзөт.

Республика боюнча сүт азыктары менен камсыз болуу 100%дан ашууда.

Эгерде биз мурда тамак-аштын 3 түрү менен, анын ичинде эт жана кант менен 85% камсыз кылсак, быйыл эт жана кант менен 88% камсыз болдук. Бүгүнкү күндө биз өзүбүздү 9 негизги азык-түлүктүн бешөөсү менен толук камсыздай алабыз,– деди айыл чарба министри.

Министр белгилегендей, Чүй облусунда суунун тартыштыгынан жана кант кызылчасына, жүгөрүгө, малинага жана кулпунайга көбүрөөк жер бөлүнгөндүктөн көп жылдык өсүмдүктөрдү өндүрүү деңгээли төмөндөгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты