Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министринин милдетин аткаруу Бакыт Төрөбаевге жүктөлдү  

  • 4 месяца мурун

Министрлер кабинетинин түзүмүн өзгөртүү жарлыгына ылайык, Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — КРнын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин кызмат ордуна дайындоого Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилди.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду.

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. 

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты