Айтылуу хирург Акрамовду коргоо штабы түзүлдү

  • 2 года мурун

Айтылуу хирург, медицина илимдеринин доктору Эрнст Акрамовду коргоо штабы түзүлдү.     

Коргоо штабына илимпоз дарыгерлер, искусство өкүлдөрү,  коомдук ишмерлер кирди. Штабдын башчысы болуп, Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова дайындалды.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 14-мартта Эрнст Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институту жабылганын билдирген.

Бүгүн, 16-мартта, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Исхак Масалиев белгилүү хирург, профессор, Кыргыз эл Баатыры Эрнст Хашимович Акрамовго жашоо-шарт түзүп берүү сунушу менен кайрылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты