“Айтматов жана театр» эл аралык фестивалы соңуна чыкты

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Айтматов жана театр” эл аралык фестивалында көрсөтүлүп жаткан спектаклдер аягына чыкты. Фестивалдын жабылыш аземинде жеңүүчүлөр бүгүн белгилүү болот.  

Алтынчы ирет өтүп жаткан театр фестивалы атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган.

Ага Кыргызстандан сырткары Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Орусия, Азербайжандан келген театрлар көрөрмандарга Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди тартуулашты.

Фестиваль 7-декабрда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын “Кылым карытар бир күн» спектакли менен ачылган. 12-декабрда жеңүүчүлөр аныкталып, саамалык салтанаттуу жыйынтыкталат.

Кечээ, 11-декабрда, Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын негизинде “Ак кеме” спектаклин Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрында тартуулашты.

Спектаклди койгон режиссерлор Уланмырза Карыпбаев, Мухамеджан Өмүрхан Жаныакулы, Махамбетяр Жаныбек Азаматулы, сүрөтчү Садыр Ниязахунов.

Спектакль жаңыча көз караш менен көрсөтүлүп, Чыңгыз Айтматовдун бардык чыгармаларында камтылган “Адам уулу канткенде адам болот?” деген негизги оюн жана жазуучунун башка чыгармаларындагы негизги каармандардын да тагдырын камтыйт.  

 Сүрөт: Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры “Кылым карытар бир күн» спектаклинен. Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты