Айт маарек болсун! Куттуктоо
- 1 год мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-июнда, кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.
“Бул майрам – боорукердик, кайрымдуулук, жоомарттык баалуулуктарын камтыган өзгөчө улуу майрам. Курман Айт жана андагы жөрөлгөлөр – кылым карыткан кыргыз элинин жашоо-турмушунда маанилүү роль ойноп, коомдук биримдикти чыңдап, өз ара сый-урматтын, эриш-аркак ымаланын, кут-берекенин жышааны болуп келген жана мындан ары да боло берет. Курман Айт майрамы бүгүнкү күндө да адам баласынын дилинин тазаруусуна ырайымдуу, берешен, кайрымдуу болушуна үндөп келет. Бул күндү баарыбыз ар дайым кубануу менен тосуп алабыз.
Акыркы жылдары өлкөбүздө улуттук-руханий баалуулуктарды өнүктүрүү жана жайылтуу, дин тутуу эркиндигин камсыздоо жаатында бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Биз өлкөбүздөгү көп этностуу жана көп конфессиялуу элибиздин үмүт-тилегин ишке ашырууга, өлкөдөгү ар этностун маданиятын сактоого, Кыргызстанды “Ата Мекеним!” деп эсептеген ар бир кыргыз жаранынын бийик максаттарына жетүүсүнө өзгөчө көңүл бурабыз. Биргелешкен күч-аракетибиз менен Кыргызстанды достуктун жана биримдиктин өкүмү сүргөн, этносуна, тилине, динине карабастан, тынчтык жана бакубатчылык орногон өлкөгө айландырабыз деп бекем ишенем.
Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн мусулман коомчулугу үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдүн аркасында 6 миңден ашуун мекендешибиз ажылык милдетин аткаруу үчүн алыскы сапарда жүрүшөт. Урматтуу мекендештер, Курман Айт күнү курмандык чалып, айткан бардык тилегиңиздер кабыл болсун» деп айтылат куттуктоодо.
Айтыңыздар маарек болсун!
Бүгүн, 6-июнь — Курман айт күнү.
Иллюстрациялык сүрөт: president.kg




