Парижде Жаңы Каледония мамлекетин түзүү келишими түзүлдү
- 12 месяцев мурун
Парижде жаңы Каледония мамлекетин түзүү келишими түзүлдү. Бул тууралуу Politiko басылмасы билдирди.
Жаңы Каледониянын (Франциянын аймагы) саясий кыймылы жаңы мамлекетти түзүүгө жетишкендигин билдиришти, бирок ал Франциядан толук көз карандысыздыкка ээ боло албайт.
Париждин чет жакасындагы Буживаль шаарында 12-июлда Жаңы Каледониянын көз карандысыздыгынын тарапташтары менен ага каршы чыккандар компромисстик келишимге келишкенин Politiko басылмасы билдирди
Франциянын президенти Эммануэль Макрон он күн бою сүйлөшүү жүргөн “тарыхый чечимди” кубаттады. Франциянын курамындагы Жаңы Каледония мамлекети бул ишенимге салым. Жалпы келечек үчүн урматтоонун, стабилдүүлүктүн жана чын ыклас менен биригүүнүн мезгили келди” деп билдирди Макрон Х социалдык тармагында.
Маалыматтарга караганда Жаңы Каледония мамлекетинин жашоочулары өз алдынча жарандык алып, эки паспорттуу болушат, эл аралык саясатты өз алдынча жүргүзөт, ал эми Франция Жаңы Каледониянын экономикалык жактан өнүгүшүнө жардам бермекчи.
Жаңы мамлекетти түзүү келишими күчүнө кириш үчүн Франциянын парламенти аны бекитип, Жаңы Каледониянын референдуму келишимди кубатташы керек.
2024-жылдын май айында Жаңы Каледонияда массалык баш-аламандык болгон, анда Франциянын парламенти шайлоо системасына өзгөртүү киргизип, аралдарда жашаган француздарга жергиликтүү шайлоолорго шайлоо укугун берүүнү сунуштаган. Аралдын эли бул кадамды Жаңы Каледониянын көз карандысыздыгы үчүн кыймылын алсыздандыруу катары кабыл алышкан.
Сүрөт: Интернет булактарынан




