Айрым аймактарга кар жаады. Ашууларда унааларга киргизилген чектөөлөр күчүндө
- 7 дней мурун
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.
Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди
Бүгүн, 4-ноябрь, саат 09:00го карата Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында жана Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын, каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.
Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Сүрөт: 4-ноябрь 2025-жыл. «ПолитКлиника» окурмандары




