«Айкөл Манас» эстелигинин постаментин реконструкциялоо иштери жүрүүдө

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан «Айкөл Манас» эстелигинин постаментин реконструкциялоо иштери улантылууда. Учурда постаменттин дубал мраморун орнотуу, жасалгалоо иштери жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө постаменттин курулуш-монтаждоо иштери аяктады. Эстеликти орнотуу максатында «Айкөл Манас» айкели объектке жеткирилди. Айкел жасалгалоо иштери бүткөндөн кийин орнотулат.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Айкөл Манас» эстелигинин постаментин реконструкциялоо иштеринин жүрүшүн текшерди.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Долбоорго ылайык:

— Постаменттин бийиктиги 22,7 метрди, туурасы 6,2 метрди түзөт;

-Айкелдин бийиктиги — 10,3 метр;

— Постаменттин конструктивдик бөлүгү монолиттүү темир бетон менен тургузулган. Жалпы 1 070 м³ бетон куюлган.

— Курулуш иштерин подряддык уюм — «Эталон Вин Спец Строй» ЖЧКсы.

Шаар башчысы Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгына аткарылып жаткан иштердин сапатын жана объекттин мөөнөтүндө бүткөрүлүшүн көзөмөлгө алууну тапшырды.

Сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты