Айга барган астронавттар кайтып келишти
- 1 месяц мурун
- Видео
Бүгүн, 11-апрелде, Айга учуп барган “Артемида-2” нин астронавттары Жерге кайтып келди. Алар 10 күн Айда болуп, Айдын аркы бетин айланып келишти.
11-апрелде “Орион” кораблинин экипажы – америкалык астронавттар Рид Уайсмен, Виктор Гловер, Кристина Кох жана канадалык Жереми Хансен Тынч океандын Сан-Диего жээгине кайтып келди.
NASA Ютуб каналда астронавттардын Айдан кайтып келишин түз эфирде көрсөтүп, аны үч миллиондон ашык адам көрдү.
АКШнын Хьюстон шаарында, “Артемида-2” командасынын мүчөлөрү, НАСА астронавттары Рид Уайзман, Виктор Гловер, Кристина Кох жана канадалык астронавт Жереми Хансен 1-апрелде Айга учуп кетишкен. Айга учкан мезгилден, 1972-жылдан бери 54 жылдын жүзү болгон.
НАСА кабарлагандай, бул илимий топ Айды, Айдын геологиялык өзгөчөлүктөрүн изилдеди. 6-апрелде алар Айды айланып учкан. 6 сааттык иликтөө учурунда Ай, Күн жана “Орион” космостук корабли бир катарга теңелип, Айдын аркы бетинин 20%ы көрүндү.
Сүрөт: Joel Kowsky / NASA / Reuters / Scanpix / LETA




