Айга сапардын бешинчи күнү
- 1 месяц мурун
- Видео
АКШнын Хьюстон шаарында, “Артемида-2” командасынын мүчөлөрү, НАСА астронавттары Рид Уайзман, Виктор Гловер, Кристина Кох жана канадалык астронавт Жереми Хансен Айга учуп кетишкенине беш күн өттү. Айга учкан мезгилден, 1972-жылдан бери 54 жылдын жүзү болгон.
НАСА кабарлагандай, бул илимий топ Айды, Айдын геологиялык өзгөчөлүктөрүн изилдейт. Эртең, 6-апрелде, алар Айды айланып учкан. 6 сааттык иликтөө учурунда Ай, Күн жана “Орион” космостук корабли бир катарга теңелип, Айдын аркы бетинин 20%ы көрүнөт.
“Орион” космос кораблинин ичиндеги төрт экипаж мүчөсү Айды изилдөөгө даярдык көрөт. Бул тиешелүү жабдыктарды орнотуу, камера коюу жана гравитация учурундагы кыймыл-аракетти жөнгө салуу ж.б. иштери. Алар Айды айланып өтүүдө портативдүү камераларды жабдып, даярдыкка келтирет.
Экипаж ошондой эле космос кораблинин бортунда биринчи жардам көрсөтүү процедураларын да сыноодон өткөрүшөт. Төрт астронавт космос кораблинде ден соолугун, жүрөк-кан тамыр системаларын сактоонун камын көрүшөт.
Дүйшөмбү күндүн экинчи жарымында Кристина Кох “Орион” кораблинин Жерден алыстагандан кийинки ишке жарамдуулугун аныктап, авариялык байланыш системасын текшерет. “Орион” кораблинин оптикалык байланыш системасы “Артемида II “ системасынын алкагында АКШнын Жердеги эки станциясы менен байланышып, видео тасма жана башка миссияларын жөнөттү .Бул маалыматтар тезинен учууну башкаруунун Хьюстондогу борборуна берилген.

Сүрөттө: Жер планетасы. Космостон тартылган. НАСА астронавттарынын тарткан сүрөтү. 2-апрель 2026.




