Айгүл Жапарова Москвада Кыргызстан аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту

  • 1 год мурун

Кыргыз Республикасынын биринчи айымы Айгүл Жапарова Москвада 6-мартта өтө турган “Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу” аттуу биринчи кыргыз-россиялык аялдар форумуна катышуунун алкагында Кыргызстан аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. 

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Айгүл Жапарова өз сөзүндө тынчтыкты жана элдердин ортосундагы достукту чыңдоодо аялдардын маанилүү ордун, буга далил катары Биринчи кыргыз-россиялык аялдар форумунун өткөрүлүшүн белгиледи. 

“Бүгүнкү күндө аялзаты – үй-бүлө кутун, очогун сактоочу гана эмес, бардык кесиптин ээси, ошондой эле аялдар саясатчылардын, бизнесмендердин, ийгиликтүү адамдардын жана лидерлердин катарын толуктайт” деди Жапарова. 

Ошондой эле Айгүл Жапарова Россияда жашаган мекендештерге көрсөткөн колдоосу үчүн россиялык тарапка ыраазычылык билдирди. Ошол эле учурда ал мигранттарга байланыштуу өзгөчө көңүл бурууну жана чечүүнү талап кылган бир катар маселелер бар экенин баса белгиледи. 

Айгүл Жапарова Москвада Кыргызстан аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту

Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты