Айдос Нурланов манасчы Рыспай Исаковду каттагандыгы үчүн Гиннестер китебин жана манасчыны сотко берди  

  • 11 месяцев мурун

 

“Манасты шылдыңдап, коррупциялык жол менен Рыспай Исаковду каттаган Гиннести сотко бердим” деп жазды журналист Айдос Нурланов Фейсбук баракчасына.

“Рыспай Исаков Түркиянын Бурса шаарына барып, Манас айтымыш этип Гиннеске киргенин баарыбыз билебиз. Ошол кезде жаттаган Манасы жарым күнгө жетпей түгөнүп калып, андан ары ойду-келди дөөрүп айта баштаган. Анын максаты эптеп эле Гиннеске кирүү болчу. Бирок узак мөөнөткө Манас айта албай, Манас айтуунун жана Гиннестин эрежелерин, талаптарын аткара албай калып, Манас эпосундагы жок сөздөрдү кошуп, өзүм билемдикке салуу менен Манас эпосун болушунча шылдыңдап, тебелеп-тепседи. Гиннестин Дубайдагы жана Түркиядагы өкүлчүлүгү биригип алышып, Рыспай Исаковду коррупциялык жол менен Гиннеске каттап коюшту.

«Узак мөөнөткө үн чыгарып сүйлөө боюнча рекорд койду» болгон Рыспай Исаков Кыргызстанга келип, «Манасты узак мөөнөткө айтып салдым» деп кыйынсынган. Ооба, берилген сертификатта ошентип жазылды, бирок Гиннестин документтерине Манас айтты болуп катталган.

«Бизде 100% коррупция жок» деген Гиннес тескерисинче коррупциялашып кеткен.

Мунун жыйынтыгында Гиннести дүйнөлүк сотко бердим. Аны менен кошо Рыспай Исаковду, Түрксойду, Султан Раевди, Гиннестин Түркиядагы жана Дубайдагы өкүлчүлүгүн, жалпылап айтканда уюштуруучулардын баарын дүйнөлүк сот күтүп турат.

1. Рыспай Исаков Дүйнөлүк Гиннес рекорддор китебине коррупциялык жол менен катталган;

2. Гиннесте далил катары Рыспай Исаковдун видеоматериалдары жок;

3. Манас эпосунда Рыспай Исаков айткан Нурбек, Дастан, эки дос аттуу аталыштар жок. Подгузник, шымды булгап алуу, аны кайра катуу, жел чыгаруу, чыккан желине думугуп кетүү жөнүндө эч бир эпизоддордо баяндалбаганы турган иш» деди Айдос Нурланов.

Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Манас жумалыгынын” алкагында манасчы Рысбай Исаков 124 саат бою манас айтып, дүйнөлүк Гиннестер китебине катталган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты