Айдоочуларды даярдоо боюнча менчик автомектептин жетекчиси камакка алынды
- 1 месяц мурун
“Айдоочуларды даярдоо борбору” менчик автомектебинин жетекчиси Медербек Тагайбек уулу массалык баш аламандыкка чакырык жасоого айыпталып, бир айга камакка алынды.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Медербек Тагайбек уулуна кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) кылмыш ишин козгогондугу айтылат.
Ички иштер министрлиги бул боюнча расмий маалымат бере элек.
2026-жылдын 30-январынан 30-августуна чейин автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча апробациялык режим киргизүү боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Апробациялык режим мезгилинде автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырууга жеке менчик билим берүү уюмдарына (автомектептерге) мурда берилген лицензиялар токтотулуп турат.
Апробациялык режим мезгилинде билим берүү иши мамлекеттик автомектептер тарабынан жүргүзүлөт. Жарлык 30-январдан тартып күчүнө кирет.
27-январда жеке автомектептердин жетекчилери «Унаа» мекемесинин алдында нааразылык билдирип чыгышкан. Анын арасында Медерек Тагайбек уулу да бар. Алар мындан ары жеке автомектептер кандай иштээрине кызыгып, бул боюнча чечим мыйзамсыз болуп калганын айтып чыгышкан.
Сүрөттө: Медербек Тагайбек уулу. Социалдык тармактан




